06:52
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Тейлор Свифт Time журналынын версиясы боюнча жылдын адамы болуп табылды

Америкалык ырчы Тейлор Свифт Time журналынын версиясы боюнча жылдын адамы болуп табылды.

«Бул мен үчүн эң сыймыктуу жана бактылуу, чыгармачыл жактан калыптанган жана эркин сезим», — деди ал журналисттерге.

Жалпысынан жылдын адамы наамына тогуз талапкер көрсөтүлгөн. Алардын арасында Орусиянын президенти Владимир Путин, Улуу Британиянын королу Карл III, тасмадагы Барби куурчагы, Тейлор Свифт, Кытайдын президенти Си Цзиньпин, ChatGPT программасын иштеп чыккан Сэм Альтман, Голливуддун сценаристтери жана актерлору бар.

Time журналы 1927-жылдан бери жыл адамын тандап келет. 2022-жылы Украинанын президенти Владимир Зеленский, андан мурда Илон Маск болгон.

Эң алгач бул титул тарыхта биринчи жолу Атлантика океаны аркылуу жалгыз учкан америкалык учкуч Чарльз Линдбергге 1927-жылы ыйгарылган. Бул наамды 70тей жолу саясий жана коомдук ишмерлер алган. Алардын арасында Махатма Ганди (1930), Уинстон Черчилл (1940, 1949), Елизавета II (1952), Шарль де Голль (1958), Мартин Лютер Кинг (1963), Генри Киссинжер (1972), Дэн Сяопин (1978, 1985), аятолла Хомейни (1979), Лех Валенса (1981), Рим папалары Жон Павел II (1994) жана Франциск (2013), Ангела Меркель (2015) бар.

Сыйлыкты Франклин Рузвельттен баштап бардык америкалык президенттер алган. Бир гана Жералд Фордго берилген эмес. Рузвельт бул наамга үч жолу татыган жалгыз адам, ага 1932, 1934 жана 1941-жылдары ыйгарылган. Жыл адамы болгон инсандардын арасында СССРдин жана Орусиянын беш лидери бар: Иосиф Сталин (1939, 1942), Никита Хрущев (1957), Юрий Андропов (1983, АКШ лидери Рональд Рейган менен биргеликте), Михаил Горбачев (1987, 1989) жана Владимир Путин (2007).

Эң көп окулган жаңылыктар