23:45
USD 85.80
EUR 93.14
RUB 0.88

2023-жылдын башынан бери Кыргызстанда 33 өзгөчө кырдаал катталды

2023-жылдын 11 айында Кыргызстанда 33 өзгөчө кырдаал катталып, анын кесепетинен 44 адам каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Материалдык зыяндын жалпы суммасы 293 миллион 628,5 миң сомду түзсө, 2022-жылы келтирилген зыян 4 миллиард 599 миллион 526,7 миң сомго жеткен.

Өткөн жылга салыштырмалуу өзгөчө кырдаалдардын саны 44 пайызга азайды.

Эң көп окулган жаңылыктар