08:08
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстан өлкөлөрдүн өнүгүү деңгээли боюнча рейтингде 94-орунду ээледи

Кыргызстан өлкөлөрдүн өнүгүү деңгээли боюнча рейтингде 2023-жылы 94-орунду ээлеп, Түркия менен Белиздин ортосуда жайгашты. Бул жөнүндө дүйнө мамлекеттеринин жетишкендиктерин алардын бакубаттуулугу жана өнүгүшү менен өлчөгөн Улуу Британиянын Legatum Institute аналитикалык борборунун баяндамасында айтылат.

Рейтинг коомдун жашоосунун ар кандай аспектилерин жана коомдук жыргалчылыктын деңгээлин чагылдырган ар кандай көрсөткүчтөрдүн негизинде түзүлөт. Алардын арасында экономика, ишкердик, башкаруу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, коопсуздук, жеке эркиндиктер, социалдык капитал жана башкалар бар.

Борбордун маалыматы боюнча, Кыргызстанда ишканалардын иштөө шарттары (124-орун), рынокко жана инфраструктурага жеткилүктүүлүк начар (110-орун).

 Бирок Кыргызстан коопсуздук боюнча 71-орунду ээледи. 

Рейтингде өлкөбүз жеке эркиндиктер жана инвестициялык климат боюнча 103-99-орундарды, саламаттыкты сактоо жаатында 76-орунду ээледи. Жашоо шарттары боюнча 84-орунда турса, билим берүү тармагында 85-сапка жайгашты.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан рейтингде 69-орунда, Өзбекстан 100-орунда турат. Ал эми Тажикстан 113, Түркмөнстан 107-орунду ээледи.

Мурдагы СССР мамлекеттеринин ичинен эң жакшы көрсөткүчтөр Эстонияда катталган (21-орун). Кийинки орунда Латвия (31-орун), Литва (32-орун) жана Грузия (53-орун) турат.

Рейтингде Беларус 78, Украина 74, Россия 77-орунду алды.

Эң гүлдөгөн өлкөлөр деп изилдөөчүлөр Дания, Швеция жана Норвегияны аташкан. Андан кийин Финляндия жана Швейцария турат. Алдыңкы ондукка Нидерланды, Люксембург, Исландия, Германия, Жаңы Зеландия дагы кирди.

Рейтингди 167-орунда жайгашкан Түштүк Судан жабат.

Эң көп окулган жаңылыктар