12:18
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Акылбек Жапаров: Баткен облусунун экономикасын өнүктүрүү стратегиялык мааниге ээ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров өлкө аймактары боюнча алгачкы сапары алкагында Баткен облусунда өтүп жаткан «Баткенди өнүктүрүү — өлкөнү өнүктүрүү» инвестициялык форумунун ишине катышты.

Акылбек Жапаров куттуктоо сөзүндө форум катышуучуларына кайрылып, аталган региондун өнүгүү потенциалын баса белгилеп, инвесторлор үчүн жеңилдиктер тууралуу эске салды.

«Баткен облусунун экономикасын өнүктүрүү стратегиялык мааниге ээ. Сиздерге белгилүү болгондой, Баткен облусунун өзгөчө статусу тууралуу мыйзам жана Өнүктүрүү программасы кабыл алынып, Иш-аракеттер планы бекитилген. Мамлекет тарабынан чек ара аймагында иштеген ишкерлерге атайы салык режими түрүндө жеңилдиктер берилет. Ошондой эле өзгөчө инвестициялык режим киргизилген — Министрлер Кабинети инвестицияларга мамлекеттик кепилдик берет жана Баткен облусунун инвесторлору үчүн толук амнистия пландаштырылууда. Мындан тышкары, мамлекеттик түз сатып алуулардын уруксаат берилген босогосу 2 млн сомдон 5 млн сомго чейин жогорулатылат. Бул режимдер — азыркы мезгилде Баткенге инвестициялоо, анын ичинде жергиликтүү ишкерлер үчүн жагымдуу мезгил. Мен жалпыңыздарды бул мүмкүнчүлүктү пайдаланууга чакырам. Негизгиси Евростандарт-5 боюнча иш алып баруу керек», — деди Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кошумчалагандай, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алууда өзгөчө жеңилдетилген режим иштейт.

Белгилесек, иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Жарлыгынын алкагында, Баткен облусунун экономикалык потенциалын жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жаңы сапатка көтөрүү максатында өтүүдө.

Бул форум Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн гана эмес, ошондой эле маанилүү макулдашууларга жетишүүгө мүмкүнчүлүк берери күтүлүүдө.

Иш-чара мамлекеттик органдардын, финансылык институттардын жана уюмдардын жетекчилеринин, потенциалдуу инвесторлордун, ата мекендик ишкерлердин, дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби