16:32
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевден коронавирус аныкталды

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жогорку Кеңештен өздүк булактар билдиришти.

Алардын айтымында, азыр Бакыт Төрөбаев менен байланышта болгондор такталууда. Ал бир айга жакын парламентте отурган эмес.

Белгилей кетсек, буга чейин «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын мүчөсү Бейшеналы Нуридинов COVID-19 вирусун жуктуруп алганы маалым болгон. Ал Дастанбек Жумабековдон башка баардык кесиптештери менен байланышта болгону маалым болгон.

Буга чейин СДПК фракциясынан үчөө, «Бир бол» фракциясынын бирөө жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан бир депутатынан коронавирус аныкталды деп айтылган. Бирок, «Бир бол» фракциясы бул маалыматты четке каккан.

Парламенттин басма сөз кызматы бул маалыматтын купуялуулугун айтып, вируска чалдыккандар тууралуу ачык айтуудан баш тартты. Белгилей кетүүчү нерсе, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана республикалык штаб илдетке чалдыккандар байланышта болгон адамдардын баарын ачык айтуусу керектигин эскертип келет. Бул маалымат байланыш чөйрөсүн түзүүгө жана инфекцияны жуктуруп алгандарды аныктоо үчүн керек.

18-июнда Жогорку Кеңештин пресс-кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулунан коронавирус аныкталган.

Эң көп окулган жаңылыктар