00:52
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыска мөөнөттүү бала бакчалар муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарын биринчи кабыл алат

Кыска мөөнөттүү бала бакчаларга аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары биринчи кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорлорунун алкагында мындай 560 бала бакча ачуу пландалууда. Учурда 290 объектте оңдоп-түзөө иштери жүрүп, дагы 270 объект үчүн тендер жарыяланды.

Кыска мөөнөттүү бала бакчаларга 3-5 жаш курактагы 20 миңден 40 миңге чейин баланы тартуу пландалууда.

«Министрликтин алдындагы Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн адистери октябрь жана ноябрь айларында Талас, Жалал-Абад, Ош облустарындагы 20 райондо долбоордун кызыкдар тараптары менен социалдык аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын бакчага тартуу боюнча жолугушуу өткөрдү. Дээрлик ар бир райондогу жыйындарга райондук, шаардык деңгээлдеги жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары жана ата-энелер катышты. Жолугушууларда кыска мөөнөттүү бала бакчаларга балдарды кабыл алууда социалдык аз камсыз болгон, толук эмес, көп балалуу жана мигранттардын кирешесинен көз каранды болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына артыкчылык берилиши керектиги белгиленди», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар