Алдамчылар Айсулуу Тыныбекованын атын жамынып, кыргызстандыктардын акчасын алып жатышат. Бул тууралуу күрөш боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Facebook баракчасына жазды.
«Достор, мен эч кандай лотерея, сынак жана башка акцияларды өткөрбөйм деп айтуудан тажабайм. Урматтуу кыргызстандыктар, социалдык тармактардагы шектүү жарнамаларга ишенбеңиздер! Бүгүнкү күндө сак болуп, мүмкүн болгон алдамчылык схемалардан абайлоо керек. Текшерилген маалымат булактарына ишениңиздер», — деди ал.
Айсулуу Тыныбекова Facebook жана Instagram социалдык тармактарындагы өзүнүн расмий аккаунттарын белгилеп өттү.