19:59
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Азия оюндарынын жеңүүчүлөрү ушул мезгилге чейин акчалай сыйлыктарын алыша элек

XIX жайкы Азия оюндарынын жеңүүчүлөрү ушул мезгилге чейин акчалай сыйлыктарын алыша элек. Бул тууралуу кикбокс боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Азия чемпиону жана Дүйнө кубогунун ээси Авазбек Аманбеков журналисттерге билдирди.

Ал октябрь айынын башында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Азия оюндарынын жеңүүчүлөрү жана байге ээлерине акчалай сертификаттарды тапшырганын айтты.

«Ушу-саньда боюнча үчүнчү орунду алганым үчүн мага 500 миң сомдук сертификат берилген. Тренерлер дагы сыйланган. Акча качан берилери айтылган жок. Азырынча белгисиз. Сертификат үйдө турат», — деди Авазбек Аманбеков.

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынан 24.kg агенттигине Азия оюндарынын жеңүүчүлөрүнө акча каражатарын бөлүү тууралуу буйрук кол коюу стадиясында экенин билдиришти. «Маселе бүгүн кароого чыгарылат. Каражаттарды берүү мөөнөтү декабрь айына чейин аныкталган. Спортчуларга бул тууралуу эскертилген», — деп билдиришти мекемеден.

Эскерте кетсек, Азия оюндарынын алтын медалдарынын ээлерине 1 миллион 250 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылган. Күмүш байге алгандарга 750 миң сомдук, коло байге үчүн 500 миң сомдук сертификаттар берилген.

Эң көп окулган жаңылыктар