USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Сосновка постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди

09:51, 23 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Аба ырайынын кескин начарлашынан улам, Сосновка постунда таңкы саат 4:30дан тарта оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.

Азырка тапта Бишкек — Ош унаа жолунда кар жаап жатат. Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан жолдор тазаланып, инерттик материалдар себилип жатат. Өлкөнүн башка ашууларында да кар жаап, ушундай эле иштер аткарылып жатат.

«Чынжыры жок жана жайкы дөңгөлөк менен чыккан унаалар жолчулардын ишине тоскоол болуу менен жасалма тыгын жана авариялык абал жаратууда. Мындан улам, тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика