20:41
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Футболист Эдгар Бернхардт Кыргызстандын курамасындагы карьерасын аяктады

Жарым коргоочу Эдгар Бернхардт Кыргызстандын улуттук курама командасындагы карьерасын расмий түрдө аяктады. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.

Оюнчуну узатуу кечээ Кыргызстан менен Оман курама командаларынын беттешинин алдында болду.

Кыргыз футбол союзунун президенти Медер Сыдыков ага 41 номериндеги футболка тапшырды. Эдгар Бернхардт Кыргызстан курамасында дал ушунча оюн өткөрүп, беш гол киргизген.

КФС
Фото КФС. Футболист Эдгар Бернхардт Кыргызстандын курамасындагы карьерасын аяктады

Азыр Эдгар Бернхардт Кыргызстан курамасынын башкы машыктыруучусунун жардамчысы.

Эң көп окулган жаңылыктар