12:27
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Кыргызстандык бийчилер Түркиядагы турнирде жеңишке жетишти

Кыргызстандык бийчилер WDSF Open Türkiye — 2023 турнирин утушту. Бул тууралуу спорттук бий федерациясынан билдиришти.

Аланияда Haydarpasha спорттук, бал бийи боюнча жыл сайын өтүүчү эл аралык турнирнирдин алкагында WDSF болуп өттү.

Мелдешке Түркия, Грузия, Өзбекстан, Молдова, Кыргызстан, Румыния, Казакстан, Германия, Хорватия, Чехия жана башка өлкөлөрдүн спортчулары катышты.

«Жаштар, латина» категориясында кыргызстандык жуп — Дмитрий Блинков жана Асал Мамбетова биринчи орунду ээлешти. "Rising Stars чоңдор + жаштар, латина" категориясында дагы алтын медалга ээ болушту.

Haydarpasha турниринин алкагында кыргызстандык дагы бир жуп — Александр Усенко жана Дарья Карпенко үчүнчү орунду алышты.

Соло категориясында Каныкей Бактыбекова төрт алтын (анын ичинен эки кубок), үч күмүш жана бир коло медаль тагынды. Любовь Дубровина эки коло алды.

Эң көп окулган жаңылыктар