03:21
USD 87.45
EUR 94.92
RUB 1.03

Кыргызстандын дзюдо боюнча жаштар курамасы Азия чемпионатында үчүнчүнү алды

Кыргызстандын дзюдо боюнча жаштар курама командасы Азия чемпионатында үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу Instagram социалдык тармагында аталган спорттун түрү боюнча федерация билдирди.

Адина Көчкөнбаева 63 килограммга чейинки салмак ченинде алтын медаль тагынды.

Ошондой эле Кыргызстандын командасынын куржунунда үч күмүш жана үч коло медаль бар.

Чемпионатта биринчи орунду Өзбекстан, экинчини Казакстан курамасы алды.

Эң көп окулган жаңылыктар