05:55
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Штефан Таркович: ушунча гол киргизип, упайларга жетпей калганыбыз капаландырат

Кыргызстандын Футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович кечээ Малайзиянын командасы менен өткөн оюн тууралуу комментарий берди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу социалдык тармактарда билдирди.

Оюнда Малайзия 4:3 эсеби менен жеңди.

«Беттештин жыйынтыгына аябай капа болдум. Биз үч гол киргизип, атаандаштын дарбазасында көптөгөн кооптуу учурларды жараттык, бирок коргонуу каталарынан улам көп голдорду өткөрүп жибердик. Ушунча гол киргизгенден кийин, натыйжада упайларга жетпей калганыбыз абдан капаландырат. Биз бул беттеште көбүрөөк учурларды ишке ашыра алмакпыз», — деп белигиледи ал.

Оюнга физикалык жана тактикалык жактан жакшы даярдаган болчубуз. Биздин команда каршылаштарга караганда көбүрөөк кооптуу учурларды жаратты, тилекке каршы абалды аягына чейин кармап, жөндөй алган жокпуз. 

Штефан Таркович

Ал алгачкы 55 мүнөттө команда бир аз пассивдүү болуп, атаандашты кысымга албаганын кошумчалады. «Бирок андан кийин оюнчулар өздөрүн топтой алышты. Кийинки алмаштыруулар чечүүчү ролду ойноду. Дарбазачыны жана бир нече оюнчуну алмаштырууга аргасыз болдук жана мындай жыйынтыкка келдик», — деди машыктыруучу.

Анын айтымында, команда эми Оманга каршы ойнойт.

«Бүгүнкү беттешти талдап, жыйынтыгын чыгарып, жеңилүүнү ызаасын тезирээк унутуп, кийинки оюнга даярдана башташыбыз керек. Оюнчулар катуу иштеп, болгон күчүн берип жатышат, бирок жеке каталар бизди жеңишсиз калтырууда. Алдыдагы беттеште күйөрмандарыбыздын жана өз трибуналарыбыздын колдоосу бизге көбүрөөк күч жана ишеним берет деп ойлойм», — деди Штефан Таркович.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын курама командасы D тобунда. Ал жакка Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман дагы кирген.

21-ноябрда Оман курама командасына каршы беттеш болот. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо билеттер сатылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар