Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстандын курама командасы «Букит-Жалил» стадионунда Малайзиянын командасы менен беттешти.
Биринчи таймдан кийин Кыргызстандын курамасы алдыда келе жаткан, бирок атаандаш эсепти теңеп, 4:3 менен жеңишти илип кетти.
Кыргызстандын командасында голдорду Кайрат Жыргалбек уулу, Эрнист Батырканов, Кай Мерк, Кристиан Браузман (автогол) киргизди.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын курама командасы D тобунда. Ал жакка Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман дагы кирген.
21-ноябрда Оман курама командасына каршы беттеш болот. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо билеттер сатылууда.