Кыргызстандык Мыктыбек Оролбай уулу Ultimate Fighting Championship менен келишим түздү. Бул тууралуу социалдык тармактарда мушкер өзү билдирди.
Ал төрт беттешке кол койду.
Мыктыбек Оролбай уулу рингде 11 жолу жеңишке жетип жана бир жолу утулган.
Учурда UFC турнирлерине эже-сиңдилер Валентина жана Антонина Шевченко, ошондой эле Рафаэль Физиев катышып жүрөт.