19:06
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Тарыхта биринчи жолу. Кыргызстандык бийчилер дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандыктар спорттук бал бийи боюнча дүйнө чемпиону болушту. Бул тууралуу спорттук бий федерациясынан билдиришти.

Алар маалымдагандай, Арменияда жыл сайын өтүүчү эл аралык турнир болуп, анын алкагында «жаштар латинасы» категориясында WDSF дүйнөлүк чемпионаты өттү.

Турнирге 25 өлкөнүн, анын ичинде АКШ, Кытай, Франция, Италия, Латвия, Польша, Португалия, Япония, Казакстан жана башка өлкөлөрдүн спортчулары катышты.

Спорттук бий федерациясы
Фото Спорттук бий федерациясы. Кыргызстандык бийчилер дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык жуп Владимир Вырлеев Менен Мария Прошлецова дүйнө чемпиону титулуна ээ болушту.

Федерациядан белгилешкендей, мындай натыйжага кыргызстандык бийчилер тарыхта биринчи жолу жетишти.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума