20:08
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Төө-Ашуу аркылуу жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди

Аба ырайынын кескин начарлашынан улам Сосновка постунда саат 10:00дөн тарта оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Азыркы тапта Бишкек — Ош унаа жолунда кар жаап, № 9 жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо жана кум себүү иштери жүргүзүлүүдө. Өлкөнүн башка ашууларында да мындай иштер аткарылып жатат.

«Туруксуз аба ырайынан улам тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып чыгууга чакырабыз», — деп белгиледи мекеме.

Эң көп окулган жаңылыктар