22:23
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Депутаттар бала бакчаларда тамак берүү нормасын кайра карап чыгышат

Депутаттар бала бакчаларда ата-энелерди ысык тамак үчүн төлөөгө милдеттендирген мыйзамдагы норманы кайра карап чыгышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Мирлан Самыйкожо билдирди.

«Өткөндө парламентке «Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоору келген. Ал жерде ваучердик каржылоонун ичинде бала бакчадагы ысык тамакка ата-энелер төлөшү керектиги көрсөтүлгөн. Азыр социалдык комитетте бул норманы алып салуу боюнча иш алып барып жатабыз. Бала бакчаларда ысык тамак мамлекеттин эсебинен төлөнүшү үчүн мыйзамга сөзсүз түрдө өзгөртүү киргизилет», — деди Мирлан Самыйкожо.

Белгилей кетсек, буга чейин Финансы министрлиги ата-энелер эми бала бакчаларда берилүүчү тамакка өздөрү төлөй турганын билдирип, 11-августта «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынганын эске салган.

«Документтин 28-беренесинин 6-пунктунда мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөрү каралган», — деп белгилешти мекемеден.

Буга чейин республиканын мектепке чейинки уюмдарында биргелешип төлөө принциби иштечү. Балдардын тамагы үчүн каражаттын 50 пайызын жергиликтүү бийлик органдары, калганын ата-энелер төлөшчү.

Эң көп окулган жаңылыктар