19:41
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

КМШ өкмөт башчыларынын саммити. Никол Пашинян Бишкекке келген жок

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян КМШ өкмөт башчыларынын саммитине келген жок.

Армян маалымат каражаттары билдиргендей, Никол Пашинян 26-октябрда Грузияга бир күндүк иш сапары менен барып, Тбилисидеги «Жибек жолу» эл аралык конференциясына катышат.

Сапардын алкагында Армения менен Грузиянын премьер-министрлери Никол Пашинян менен Ираклий Гарибашвилинин жолугушуусу да пландалган.

Эскерте кетсек, Армениянын премьер-министри 10-октябрда Бишкекте өткөн КМШ башчыларынын саммитине да катышкан эмес.

Бүгүн борбор калаада көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин, Шанхай кызматташтык уюмунун жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин өкмөт башчыларынын жыйыны өтүүдө. Бишкекке 11 жогорку даражалуу меймандар келди.

Эң көп окулган жаңылыктар