00:30
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Депутат «Ата-Бейит» комплексин реконструкциялоо керектигин билдирди

«Ата-Бейит» мемориалдык комплекси реконструкциялоого муктаж. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

Ал белгилегендей, мамлекеттик протокол алкагында комплекс чет элдик делегациялар үчүн сөзсүз баруучу жерлердин тизмесине киргизилген.

«Ата-Бейитке» ар кайсы өлкөлөрдүн мамлекет башчылары келишет. Бирок бүгүнкү күндө объект начар абалда. Оңдоого акча жок деп айтышты. Жыл сайын жетиштүү каражат бөлүнбөйт. Комплексте кызматкерлер, тарыхчылар жок. «Ата-Бейит» реновацияга муктаж", — деди Чыңгыз Айдарбеков.

Ал мемориалдык комплекс Маданият министрлигинин карамагында экенин белгилеп, объектти президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берүү маселесин кароону сунуштады.

Эң көп окулган жаңылыктар