USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

КМШ кеңешинин жыйынына катышуучу мамлекет башчыларын тосуп алуу аземи болду

16:53, 13 октября 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Кеңешинин жыйынына катышуучу өлкө башчыларын тосуп алуу аземи болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга катышуу үчүн Кыргызстанга Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын башчысы Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев, ошондой эле КМШнын Башкы катчысы Сергей Лебедев келди.

Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн лидерлерин «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы конгресс-холлдон тосуп алды.

Тосуп алуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин мамлекет башчылары КМШ кеңешинин чакан курамдагы жыйынына катышуу үчүн залга киришти.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика