05:14
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов өз ара соода жүргүзүүнү талкуулашты

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы

Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Эки тараптуу кызматташуунун, анын ичинде соода-экономикалык жана энергетикалык тармактагы кызматташуунун кеңири спектри талкууланды.

 Мамлекет башчысы Түркмөнстанды маанилүү экономикалык өнөктөш катары кароо менен Кыргызстан соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана сапаттуу өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи.

Ал белгилегендей, акыркы эки жылда товар жүгүртүү өсүп, 82 миллион долларды түздү. Ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштар активдешти. Натыйжада соода-экономикалык өз ара аракеттенүү динамикалуу өнүгүүдө. Бирок, учурдагы көрсөткүчтөр дагы эле жалпы экономикалык потенциалга дал келбейт.

Президент кыргыз тараптын Түркмөнстан менен кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана арттырууга, бул потенциалды ачуу үчүн соода, инвестиция жана логистика жаатында келечектүү жаңы долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин белгиледи. Бул контекстте соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын ролу белгиленди.

Сердар Бердымухамедов кабыл алынган чечимдер жана кол коюлган документтер Шериктештик өлкөлөрүнүн ортосундагы натыйжалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө өбөлгө болот деген ишенимин билдирди. Кыргызстан Түркмөнстан үчүн боордош мамлекет экенин белгилеп, эки тараптын тең кызыкчылыгындагы бардык тармактарда, анын ичинде соода-экономика чөйрөсүндө натыйжалуу кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди.

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов өлкөлөр ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү өсүп жатканына токтолуп, бул ырааттуулукту сактап калуу жана аны мындан ары арттыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү табуу зарылдыгын белгиледи.

Эки өлкө лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча кызматташууну мындан ары чыңдоо жана кеңейтүү боюнча макулдашты.

Эң көп окулган жаңылыктар