05:02
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

Эмомали Рахмон жана Сердар Бердымухамедов Бишкекке келди

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Түркмөнстандын башчысы Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Эл аралык «Манас» аэропортунан конокторду министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Президенттер көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Бишкекке учуп келишти. Аларды «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан Садыр Жапаров тосуп алды.

Кечээ борбор калаага Орусиянын президенти Владимир Путин, Азербайжандын башчысы Илхам Алиев жана Беларустун президенти Александр Лукашенко келген.

Эң көп окулган жаңылыктар