16:48
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

КМШ мамлекет башчыларынын саммитине байланыштуу Ош базары эки күнгө жабылды

КМШ мамлекет башчыларынын саммитине жана Орусиянын президенти Владимир Путиндин расмий сапарына байланыштуу Ош базары 12-13-октябрда иштебейт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, бул күндөрү үч троллейбус каттамы дагы иштебейт — № 6, 11 жана 14, дагы үчөө маршрутун өзгөртөт: 5-троллейбус «Туңгуч» кичи районунан 8-кичи районго чейин, ал эми № 2 жана 10 өз схемасы боюнча Чүй проспектисине кирбей каттайт.

Буга чейин Ички иштер министрлиги борбор калаанын жана Чүй облусунун тургундарын шаар ичинде унаа менен жүрүүдөн убактылуу баш тартууга чакырган. Мекеме КМШ саммити жана Орусиянын президенти Владимир Путиндин расмий сапары учурунда жол кыймылына мезгил-мезгили менен чектөөлөр киргизилерин эскерткен.

Жолдор кайсы убакта жабылат, азырынча белгисиз. Кыймылга кортеждер жүрүп жатканда гана чектөө киргизилет.

Эң көп окулган жаңылыктар