15:21
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Активист Адилет Балтабайдын кармалганы кабарланууда

Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек кармалганы айтылууда.

Аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери кармап кетишкени 10-октябрда «Азаттыкка» жубайы Гүлкайыр Жапарова билдирди.

Жапарованын айтымында, бул тууралуу ага Сокулук районундагы пробация мекемесинин кызматкерлери билдиришти. Бүгүн Адилет Балтабай ал жакка кезектеги каттоо үчүн барган.

«Пробация бөлүмүнө кеткен. Ошол жактан кармашыптыр. Алар УКМКнын балдары болчу деп айтышты. Кайсы жакка алып кетишкенин билбей жатам. Телефону өчүк болууда. Пробация бөлүмүнө бир айда эки жолу барып турушу керек, бүгүн бара турган күнү болчу».

Жапарова Новопавловка айылында турушарын, күйөөсү Сокулукка кеткенде үйүнө өзүлөрүн райондук милициянын ыкчам кызматкерлери деп тааныштырган адамдар барганын, УКМКдан болорун айтышпаганын кошумчалап, аны кармап кеткендер ошол адамдар болушу ыктымал экенин белгиледи.

УКМК бул боюнча азырынча маалымат бере элек.

Блогер 13-январда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандарды бошотуу талабы коюлган митингге катышкандан кийин кармалып, № 27 абакка камакка алынган. Апрелде эркиндикке чыгарылган.

Ага чейин былтыр жарым жылдай камакта отуруп, 11-ноябрда Биринчи Май райондук сотунда «Жапырт башаламандык» беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылган. Пробациялык көзөмөл өкүмү менен сот залынан бошотулган.

Социалдык түйүндөрдөгү соңку видеосунда ал «кримчөйрөнүн анабашы» аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) боюнча бийликтин аракетин сындаган. 4-октябрда УКМК Көлбаев Бишкекте атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган жана ага бир топ айып тагылып жатканын маалымдаган.

Эң көп окулган жаңылыктар