02:49
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

1 миллиард долларга жакын. УКМК Камчы Көлбаевдин мүлкүн камакка алды

Камчыбек Асанбектин (Камчы Көлбаевдин) мыйзамсыз жол менен алынган бардык мүлкүнүн алдын ала баасы 1 миллиард долларды түзөт. УКМК Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун нейтралдаштыруунун алгачкы жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Камчы Көлбаевдин жана анын жан-жөкөрлөрү тарабынан опузалап жана рейдерлик жолу менен басып алуусунун натыйжасында алынган мүлктөрдү жана активдерди мыйзамдаштырууга катышкан жана башка оор, өзгөчө оор кылмыштарга тиешеси бар кылмыштуу топтун 40тан ашык активдүү мүчөлөрү жана лидерлери кармалган.

«Камчыбек Асанбек жетектеген уяюшкан кылмыштуу топтун 2008-жылдан баштаган ишин талдоо көрсөткөндөй, ал системалуу түрдө жана максаттуу түрдө «кылмыштуу империяны» түзүп, негизги максаты өзүнүн жана анын жакындарынын мыйзамсыз түрдө баюусу болгон. Камчыбек Асанбектин криминалдык чөйрөдөгү позициясы күчөгөн сайын анын мыйзамсыз каржылык активдери да пропорционалдуу түрдө көбөйгөн, анын ичинде Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү таза иштеген ишкерлердин, орто жана ири бизнестин өкүлдөрүнүн эсебинен көбөйгөн», — деп билдиришти УКМКдан.

УКМК айрыкча Камчы Көлбаевдин криминалдык ишмердүүлүктөгү финансылык кызыкчылыктары көңүл бурууга арзый турганын билдирди. Кылмыштуу уюмда так иерархияны орнотуудан тышкары, ошол эле учурда ага мыйзамдуу бизнестин аркасына жашынып, өзүнө караштуу көптөгөн ийгиликтүү бизнес структураларды түзүүгө мүмкүндүк берген.

Камчы Көлбаевдин криминалдык абалы жана чексиз каржылык ресурстары, ошондой эле жазасыз калуусу акыркы жылдарда, заманбап укуктук мамлекетте жол берилгис, өлкөдөгү саясий процесстерге таасир этүүгө мүмкүндүк берип, улуттук коопсуздукка олуттуу коркунучтарды жараткан.

«Топтун криминалдык мүмкүнчүлүктөрүнөн чочулап, айрым адамдар, анын ичинде чоң кызматтагылар, саясатчылар анын таасир астында калып, кээ бирлер өздөрү криминалдык авторитеттин «достугуна жана колдоосуна» умтулушкан», — деп айтылат маалыматта.

Камчы Көлбаев жана анын жан-жөкөрлөрү өздөрүнүн кылмыштуу мүлкүн коргоо үчүн коопсуздук агенттиктерди ачып, заманбап ок атуучу куралдар жана техникалар менен жабдылган куралдуу топторду түзүшкөн, жүргүзүлүп жаткан иликтөө иштеринин алкагында алар толугу менен алынган.

Кылмыштуу топтун башчысынын, анын жакындарынын жана жанындагыларынын мыйзамсыз мүлктөрүнө 850дөн ашык кыймылсыз мүлктөр кирет.

Атап айтканда, кымбат особняктар, коттедждер, элиталык клуб үйлөрү, курулуп жаткан имараттардагы көптөгөн батирлер, эс алуу борборлору, пансионаттар, ресторандар, жер тилкелери, ат сарайлар, аңчылык жерлер, 60тан ашык кымбат баалуу люкс үлгүсүндөгү унаалар, анын ичинде брондолгондор, зер буюмдар жана башка мүлктөр бар.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, мүлктөрдүн бир бөлүгү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган жана таза иштеген ишкерлерден тартып алынган. Аларды тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жабыркаган адамдарга кайтаруу иштери жүргүзүлөт.

УКМК тарабынан кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү мамлекеттик кирешеге айлантуу иши башталды. Курулуп жаткан эки гана имаратта Камчы Көлбаев 700дөн ашык батирге ээ болгон, алар мамлекетке өткөрүлөт.

Кылмыштуу топтун мыйзамсыз баюусунун дагы бир булагы болуп, жаза аткаруу системасынын мекемелеринде отурган адамдардан, алардын жакындарынан жана карапайым ишкерлерден «уурулардын казынасын» толтуруу шылтоосу менен системалуу түрдө акча талап кылуу болгон.

Мындан ары УКМК мындай кылмыштуу көрүнүштөрдү жок кылып, бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, ар бир ушундай фактынын артынан улуттук коопсуздук органдары тарабынан катуу чаралар каралат.

Камчы Көлбаевдин мыйзамсыз жол менен алынган бардык мүлкүнүн алдын ала жалпы баасы 1 млрд АКШ долларын түзөт, алар камакка алынды.

«Бул Камчы Көлбаевдин жана анын айланасындагылардын мыйзамсыз мүлктөрүн издөө иштеринин алгачкы жыйынтыктары гана, издөө иштери өлкө ичинде да, чет өлкөлөрдө да, тактап айтканда, анын бизнес кызыкчылыктары болгон Россияда, Казакстанда, Грузияда, Түркияда, БАЭде (Дубай) жана Японияда да улантылат», — деп билдирди комитет.

Эске салсак, 4-октябрда Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө Камчы Көлбаев жок кылынган. УКМКнын басма сөз борбору уюшкан топтун лидерин кармоо жүргүзүлүп, куралдуу каршылык көрсөткөндөн кийин өлтүрүлгөнүн билдирген.

Ушундан кийин социалдык тармактарда кримавторитеттер Улан Токтосунов (Сакал), Кадырбек Досонов (Дженго), Улан Барчакеев (Узун Улан), Бактыбек Аманкулов жана Алмазбек Эрмекбаевдин криминалдык макамдан баш тартып, мындан ары Кыргызстандын мыйзамдарын сактоого убада берген видео кайрылуулары пайда боло баштады.

Эң көп окулган жаңылыктар