Кыргызстандык спортчу Адилет Шадыканов Азиа оюндарында карате боюнча турнирдин финалына чыкты. Бул тууралуу чемпионаттын сайтында маалымдалат.
84 килограммдан өйдө салмак категориясында жарым финалда ал Сауд Арабиядан келген спортчуну утуп, финалга чыкты.
Алтын медаль үчүн ал Ирандын өкүлү менен кармашат.
Белгилей кетсек, кечээ Назим Нурланов карате боюнча Азия оюндарында коло медаль алды.