Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарына болгон иш сапарынын алкагында америкалык ири финансылык жана инвестициялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту.
Мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууга финансылык кызматтарды көрсөтүү, консалтинг, инвестицияларды башкаруу, инновациялык финансылык чечимдер чөйрөсүндөгү алдыңкы компаниялардын жетекчилери катышты.
Алар «Oppenheimer», «Fidelity Investments», «Mirae Global Asset Investments», «Delphos International» компаниялары.
Садыр Жапаров маегинде бүгүнкү жолугушуу тараптар ортосундагы мындан да тыгыз өз ара аракеттенүүнү баштайт деген ишенимин билдирди. Иштеп жаткан компаниялар өз тармагында уникалдуу ийгилик таржымалына, эбегейсиз инвестициялык мүмкүнчүлүктөргө жана инвестициялоо үчүн олуттуу потенциалга ээ.
Садыр Жапаров белгилегендей, бул иш-чаранын негизги максаты — Кыргызстандын чоң инвестициялык потенциалы, кеңири инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле өлкөдө ишке ашырылып жаткан учурдагы артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берүү болуп саналат.
Президент өлкөдө бизнести ыңгайлуу жүргүзүү үчүн бардык шарттарды түзүү жана жөнгө салууну жөнөкөйлөтүү боюнча кыргыз тараптан аткарылып жаткан иштерди белгиледи. Бул маселеге мамлекет комплекстүү, ырааттуу мамиле жасап, өзүнүн алдында стратегиялык максат катары жаңыланган жагымдуу инвестициялык климатты түзүүнү аныктаган. Ошондой эле катышуучулардын көңүлүн Кыргызстан олуттуу жаратылыш байлыктарына, энергетикалык ресурстардын жана пайдалуу кендердин ири запастарына, квалификациялуу жумушчу күчкө ээ экендигине бурду.
Жашыл экономика, гидроэнергетика, IT-технология, жумуш менен камсыз кылуу жана билим берүү сыяктуу негизги багыттар боюнча америкалык өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу кызматташуунун аспектилери деталдуу түрдө ачылган презентация жасалды.
Маалыматка ылайык, америкалык компаниялардын жетекчилери кызматташтыктын потенциалдуу чөйрөлөрүнө кызыгып, өлкөгө инвестиция салуу мүмкүндүгүнө байланыштуу суроолорду беришти. Садыр Жапаров аларды биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга чакырып, жумшалган инвестициялардын толук коопсуздугуна кепилдик берди.