06:11
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Садыр Жапаров тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн беш жылдыгын жарыялады

Өлкө башчысы Садыр Жапаров «2023-2027-жылдар мезгилин тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Жарлык өлкөнүн экологиялык, экономикалык, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, климаттын туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш мурастарын сактоо үчүн жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» резолюциясы менен менен жарыяланган 2023-2027-жылдары тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын өткөрүү максатында кабыл алынды.

Иш-аракеттердин беш жылдыгын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Нурлан Айтмурзаев бул боюнча президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды.

Тышкы иштер министрлигине бир айда беш жылдыкты ишке ашыруу боюнча жол картанын долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз министрлер кабинетинин бекитүүсүнө киргизүү тапшырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума