19:23
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

«Теплые ключи» санаторийинде 30 адамды сабаган жарандар кармалды

«Теплые ключи» санаторийинде мас абалындагы жарандар 30 адамды сабап, мекеменин мүлкүнө зыян келтиришкен. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 10-сентябрда болгон. Төрт киши эшикти талкалап, санаторийдин имаратына кирип, адамдарга кол көтөрүшкөн. Алардын колдорунда таяк болгон.

Шектүүлөр кармалып, Аламүдүн районунун милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар