Бишкекте дагы бир мектептин директору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Окуучулар жана ата-энелерден акча чогултууга тыю салынганына карабастан ал окуучуларды кабыл алуу жана которуу үчүн акча алып, схема уюштурган.
«Мектеп администрациясынын сунушу боюнча ыктыярдуу жана демөөрчүлүк жардам түрүндө 30 миң сомдон 100 миң сомго чейин ушул максатта түзүлгөн коомдук бирикменин эсебине төгүлүп турган. 40 миң сом өлчөмүндөгү акча которулгандыгын тастыктаган документтерди берүүдө борбордогу мектептердин биринин директору кармалып, тергөө абагына киргизилди», — деп билдиришти мекемеден.
Эске салсак, буга чеийн пара алууда дагы бир мектеп директору кармалган. Ал балдарды биринчи класска кабыл алуу үчүн акча талап кылган.