USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Көк бөрүдөн кийинки башаламандыктан 100дөй адам жабыркады

09:22, 01 сентября 2023, Бишкек - 24.kg

Ош облусундагы «Төлөйкөн» ипподромундагы башаламандыктан 100дөн ашык адам жабыркады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир көк бөрү оюнчусу менен укук коргоо органынын кызматкери ооруканада жатат. Улакчы оюн учурунда жаракат алган.

Ошондой эле, окуя жеринде тигилген медициналык чатырларда дагы 100дөй адамга амбулатордук жардам көрсөтүлдү.

Эске салсак, Ош облусундагы «Төлөйкөн» ипподромунда көк бөрү боюнча өткөн Кубоктун финалында «Достук» жана «Ынтымак» командаларынын оюну жапырт башаламандык менен аяктады. Күбөлөр тарабынан тартылган видеолордон тез жардам кызматынын унаасына таш ыргытшып, терезелерин талкалап салышканын көрүүгө болот. Ошондой эле, алар автоунаалардын кыймылына да тоскоолдук жаратышкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика