14:19
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Караколдо мурун никеде турган жарандардын сөөктөрү табылды

Каракол шаарынын тургуну сарайда асылып турган абалында, ал эми анын мурдагы аялынын сөөгү үйдөн табылды. Бул тууралуу 24.kgге облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-августта болжол менен саат 07:45те милиция бөлүмүнө Караколдо үйлөрдүн биринде 42 жана 41 жаштагы тургундардын сөөктөрү табылгандыгы билдирилген.

Бул маалымат электрондук журналына катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Окуя болгон жерге барган тергөө-ыкчам тобу үйдүн бөлмөсүндө Б.А. аттуу жарандын сөөгүн тапкан. Денесин сырткы кароо учурунда анын мойнунда тактар аныкталган. Ал эми сарайда аркан менен муунган абалда М.М. аттуу тургундун жансыз денеси табылган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө Б.А. жана М.М. никеге туруп жашап жүрүшүп, 2023-жылдын апрель айында сот аркылуу ажырашып, чогуу жашабай жүрүшкөндүктөрү аныкталган.

Учурда, каза болгон жарандардын өлүмдөрүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар