USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Бишкекте өспүрүмдөр бир баланы ур-токмокко алышкан. Алардын иши токтотулду

12:08, 25 августа 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкекте прокуратура жашы жете элек эки баланын ишин кылмыш-жаза сот өндүрүшүнөн чыгарды. Бул тууралуу 24.kgге Октябрь районунун прокурорунун жардамчысы Бектемирова Нурсулуу билдирди.

Анын айтымында, эки өспүрүм бир баланы ур-токмокко алышкан.

«Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жарандык процесстик кодексинин 467-беренесинин негизинде жетелек балдар болгондуктан, кылмыш-жаза сот өндүрүш тутумунан чыгарылды. Жети ай да Октябрь районунда жашы жете электер тарабынан жасалган жети кылмыш иши катталган. Тергөөнүн жыйынтыгы менен эки кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлүп, эки иш жабырлануучу жеке-ачык айыптоодон баш тарткандан кийин эки иш токтотулган. Бир иш кылмыш окуясы болбогондугу үчүн өндүрүштөн кыскартылып, бир иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деди Нурсулуу Бектемирова.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика