Бишкектеги наркология борборунан киши өлтүрүү үчүн изделип жаткан адам качып кеткен. Бул тууралуу 24.kgге өздүк булактар билдирди.
Ал буга чейин милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, Ленин райондук ИИБге жеткирилген.
«Ички иштер башкармалыгына алып келишкенден кийин, Интерполдун кызматкерлери аны наркология борборуна алып барышкан.Шектүү ошол жердеги адамдарды түртүп качып кеткен. Учурда ички иликтөө иштери жүрүп жатат. Качып кеткен адам Казакстандын жараны», — деп билдиришти редакцияга.