05:58
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргыз жарандарына Кытайдын ЖОЖдорунда билим алуу үчүн 25 квота бөлүнөт

Кыргызстандын жарандарына Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун ЖОЖдорунда били алуу үчүн 25 квота бөлүнөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билим берүү министринин орун басары Бекжан Супаналиев 16-19-августта Кыргыз министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган делегациясынын курамында Синьцзян-Уйгур Автономиялуу районуна барып келген.

Иш сапардын жүрүшүндө кыргыз жарандарына автономиялуу райондогу ЖОЖдордо билим алуу үчүн 25 стипендиялык орун берүү жөнүндө макулдашылды. Ошондой эле, Ош мамлекеттик университети менен Шихецы университетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду.

"Шамал генераторлорун орнотуу жана тейлөө боюнча кадрларды даярдоо жаатындагы алдыңкы компания Xinjiang Goldwind Science and Technology Co., Ltd менен түзүлгөн меморандумдун алкагында Кыргызстанда шамал генераторлорун орнотуу жана өлкөнүн эки техникалык жогорку окуу жайында шамал энергетикасы жаатындагы кадрларды даярдоо ишке ашырылары күтүлүүдө", - дейт мекеме. 

Эң көп окулган жаңылыктар