14:05
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Баңгизат салып акча опузалаган милиция кызматкерлери кармалды

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен дагы үч милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, алар алар Чуй облусунун ИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эске салсак, 20-апрелде кафелердин биринде орусиялык жаранга баңгизат ташталып, кийин белгисиз кызматкерлер аны үйүнүн жанынан кармап, коркутуудан кийин кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 315 миң сом алышкан. Кийинчерээк эки кыз мурда соттолгон У. А. жана Т. Н. жарандары, милиция кызматкерлери менен сүйлөшүп, мындай схемаларды уюштуруп жүргөнү белгилүү болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар