08:18
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

1-сентябрдан тарта мектеп директорлорунун, орун басарларынын айлыгы көтөрүлөт

1-сентябрдан тартып жалпы билим берүү уюмдарынын, мектептердин жана мектеп-интернаттарынын директорлорунун, директорлорунун орун басарларынын маяналары 50 пайызга жогорулатылат.

Маалыматка ылайык, бул үчүн жылына 549 ​​миллион сом, 2023-жылдын 1-сентябрынан тарта 183 миллион сом талап кылынат.

Натыйжада, Ысык-Көл облусундагы 100-600 окуучу билим алган мектептин 13 жылдан ашык эмгек стажы бар директору мурда 19 миң 143 сом айлык акы алса, эми 28 миң 715 сом маяна алат. Ал эми 13 жылдан ашык стажысы бар бул мектептин директорунун орун басары 1-сентябрдан баштап айлык акы жогорулатылганга чейин 17 миң 413 сом алса, мындан ары 26 миң 120 сом маяна алат.

Ал эми 1800дөн ашык окуучусу бар айылдык мектептин биринде 15 жылдан ашык эмгектенген мекептин директору айлык жогорулатылганга чейин 23 миң 731 сом алса, эми 35 миң 597 сом маяна акы алат. Ал эми 15 жылдан ашык стажы бар бул мектептин директорунун орун басары 1-сентябрдан тарта мурда төлөнүп келген 21 миң 360 сомдун ордуна 32 миң 040 сом маяна ала баштайт.

Эң көп окулган жаңылыктар