22:39
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Арашан капчыгайында парапландан кулаган орус жараны куткарылды

Аламүдүн районунун Арашан капчыгайында орус жараны параплан менен учуп жүрүп, кулап кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-август күнү кечинде саат 23:55те 48 жаштагы орус жараны параплан менен учуп жүрүп, кулаганы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Куткаруу иштерине 4 куткаруучу тартылган. Россиянын жабыркаган жаранын тоодон алып түшүп, «Тез жардам» кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Эң көп окулган жаңылыктар