USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Баткенде мыйзамсыз лоторея уюштурган жаран кармалды

16:18, 18 августа 2023, Бишкек - 24.kg

Баткен районунда мыйзамсыз лоторея уюштурган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү катары Самаркандек айылынын 30 жаштагы тургуну К. у. К. жана башка тиешеси бар адамдар кармалды.

«Уюштуруучулар лотерея билеттерин 8 миллион сомдон ашык суммага сатып, төлөмдөрдү онлайн тиркемелер аркылуу алышкан. Ал эми лотореяны You Tube платформасы аркылуу жүргүзүшкөн. Кылмыш-жаза кодексинин «мыйзамсыз ишкердик» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Уюштуруучулардын үйлөрүнөн тинтүү учурунда лототрондор, ойнотула турган автомашиналардын документтери, лотерея белеттери жана ишке тиешеси бар башка документтер табылган», — деп билдиришти мекемеден.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика