10:10
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Украинадагы согушка катышып келген дагы бир кыргызстандык кармалды

Украинадагы согушка катышып келген 27 жаштагы Нарын облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.

Ал согушка «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын катарында катышкан. Кыргызстанга келгенден кийин күч органдары тарабынан «жалданмачылыкка» шектүү катары кармалган. Жакындары анын «Вагнерге» аргасыздан кошулганын айтып, кыргыз бийлигинен ырайым суроодо. Бирок УКМК жана башка күч органдары расмий комментарий бере элек.

Кармалган жарандын жубайы өткөн айда жолдошу Орусиядан кайтып келгенден кийин УКМК кызматы кармап кеткенин билдирди.

«Жолдошум өткөн айдын сегизинде Москвадан учуп келген. Келгенде айылыбызга барып, түлөө өткөргөнбүз. Андан кийин Бишкекке барып, Нарынга 31-июлда келгенбиз. 1-август күнү эртең мененки саат 7:40та Улуттук коопсуздук кызматынан деп келишип, жолдошумду кармап кетишти», — деди ал.

Нарын шаардык соту аны эки айга камакка алган.

Шектүүнүн жубайынын айтымында, жолдошу 2020-жылы Орусияга эмгек миграциясына кеткен. 2021-жылы полиция аны «маңзат алып жүрөт» деген шек менен кармап, 10 жылга эркинен ажыратылган. 2022-жылдын аягында ал абактан «вагнерчилердин» катарына кошулуп, Украинадагы согушка кеткен.

«Жолдошум «жалган жалаа» менен кармалып, соттолуп кетти. Орусиянын түрмөсү аябай жаман экенин дайым айтчу. Кийин аргасыздан «Вагнерге» кошулуп, Украинага кетти. Жолдошум өлүм менен өмүрдүн ортосунда калды. Июлдун башында «Вагнер» менен түзгөн келишими аяктап мекенине эптеп келсе, эми мындай окуя болуп жатат», — деп билдирди жубайы.

Келин 4 жана 6 жаштагы эки баласы менен калганын айтып, кыргыз бийлигинен жардам сурап жатат. Ошондой эле, ал жолдошу Орусиянын катарында согушка катышканын белгилеп, «орус бийлиги көмөк көрсөтсө» деп үмүттөнөрүн да жашырбайт.

Шектүүнүн жакындары аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен Нарын облустук сотуна кайрылган. Мекеменин маалымат катчысы Барктабас Белековдун айтымында, алгачкы соттук отурум 28-августка белгиленди.

Украинадагы согуштан кайтып келген нарындык жигиттин баянын бир нече таанышы «Азаттыкка» ырастаган. Алардын айтымында, анын автоунаа алуу ниети болгон.

«Жолдошум «мекениме аман-эсен кайтып келдим, эми ушул машинем менен такси кызматын аркалап, үй-бүлөмдү багам» деп ойлоп жаткан. Ал Орусияда жүргөндө биз аябай кыйналдык. Кайнатам экинчи топтогу майып. Чернобыль согушунун ардагери. Жолдошум Кыргызстанда кармалгандан бери кайнатамдын ден соолугу начарлап кетти», — деп билдирди анын келинчеги.

Бул Украинадагы согушка катышкандыгы үчүн кармалган экинчи учур болуп жатат. Эске салсак, буга чейин согушттук аракеттерге катышкандагы үчүн дагы бир жаран кармалып, камакка алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар