Санкт-Петербург шаарында таксист болуп иштеген кыргыз жараны жүргүнчүнүн көз жаруусуна жардам берди. Бул тууралуу «Фонтанка» басылмасы жазды.
29 жаштагы Исламбек Касымжан уулу Петербургда 2019-жылдан бери жашайт.
Басылманын маалыматына ылайык, 3-августта ал Русановка көчөсүнөн буйрутма алган. Унаага кош бойлуу аял менен жолдошу отурган. Алар айдоочудан төрөтканага жеткирүүсүн суранышкан.
Исламбек Касымжан уулунун айтымында, башында баары жакшы эле болчу, бирок аял кыйкырып баштаганда, ал толгоо башталганын түшүнгөн.
«Мен, такси айдоочусу катары, жүргүнчүнү А чекитинен Б чекитине алып баратканда, ал үчүн жоопкерчиликтүү экенимди эң жакшы түшүндүм», — деди ал.
Ал унааны бир жерге токтотуп, биринчи жардам көрсөтүүнү ойлогон. Бирок бул нерсеге даяр эмес экенин түшүнүп, аялга кесипкөй дарыгерлердин жардам көрсөтүүсү үчүн төрөтканага болушунча тез жетүүгө аракет кылганын айтат.
Бирок, таксисттин айтымында, салондо паника башталып, ал жол кыймылынын башка катышуучуларына бардык ыкмалар менен өзгөчө кырдаал болуп жатканын кабарлай баштаган. Авариялык абалды күйгүзүп, терезени ачып, колун булгалап кыйкырган.
«Бул күнү эртең менен адатта тыгын болбогон жерлерде дагы тыгын болду, — деп эскерет Исламбек, бирок тан калыштуу нерсе — айдоочулар өздөрү эле жол бошотуп, аны кое бере башташты. Бир убакта ал эч кандай тоскоолдуксуз, ылдамдыкты азайтпай баратты», — деп жазат басылма.
Бирок эртең мененки тыгын барибир таксистке көздөгөн жерине тез жетүүгө тоскоолдук кылган.
Автоунаа төрөткананын жанына токтоп, аялдын жолдошу врачтарды чакырууга жөнөгөн , толгоо улана берди. Исламбек Касымжан уулу белгисиз эркек кандай жардам керек экендигин сурап, төрөттү кабыл алууга жардам берген. Кыз төрөлүп, айдоочу аны өзүнүн сырт кийимине орогон. Андан кийин дарыгерлер чуркап келишкен.
«Бир дарыгерди жакшы эстеп калдым, анткени ал мени кучактап, азамат экенимди айтты. Келиндин көз жаруусуна жардам бергенимди түшүндү окшойт. Ал мени кучактаганда, мен тынчтанып калгам. Баары өттү», — деп айтып берди кыргызстандык.
«Фонтанканын» маалыматына ылайык, апасы жана ымыркай жакшы абалда.