USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курама командасы күмүш медал алды

09:43, 14 августа 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын футзал боюнча U19 жаштар курама командасы КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары алкагында экинчи орунду ээледи.

Биздин курама Өзбекстандын командасы менен ойноп, 7:2 эсебинде утту.

7 упай менен кыргызстандыктар турнурдин күмүш медалына ээ болушту.

Ал эми биринчи орунду Россия 10 упай менен алса, Өзбекстан коло медал менен үчүнчү сапка жайгашты.

Эске салсак, Белорусияда КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары өтүп жатат. Мелдеште 22 өлкөдөн 2,2 миң спортчу катышып, жалпысынан 20 спорт түрү боюнча 1 миң 672 медал ойнотулууда.

Бул оюндарда Кыргызстандын атынан 17 спорт түрү боюнча эки жүздөй спортчу катышып жатат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18