15:50
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Сентябрда троллейбустун айдоочуларынын айлыгы көтөрүлөт

Сентябрда троллейбустун айдоочуларынын айлыгы 50 миң сомго чейин көтөрүлөт. Бул тууралуу 24.kgге Бишкек троллейбус башкармалыгынын директору Талантбек Капаров билдирди.

Ал 20-августтан баштап коомдук транспорттордо накталай эмес төлөм киргизилерин жана буга байланыштуу айдоочулар менен чогулуш өткөрүлгөнүн маалымдады.

«Биз айлык акыны 50 миң сомго чейин көтөрөбүз деп айттык. Бирок кээ бирөөлөр 60 — 70 миңге чейин көбөйтүү керек деп макул болбой жатышат. Бирок мекеменин мындай мүмкүнчүлүгү жок. Биз ансыз деле алардын маянасын эки эсе көтөрүп жатабыз», — деди ал.

Талантбек Капаров жыйында айдоочуларга 2024-жылы айлык акы маселесин кайра кароого убада берилип, дагы көтөрүлүшү мүмкүн экендигин кошумчалады.

«Учурда биздин штатта 770 кызматкер бар. Алардын 270и айдоочулар, биз алардын гана айлыгын көтөрүп жатабыз. Башкалардыкы көтөрүлгөн жок», — деди ал.

БТБнын директору 30 — 40 айдоочу жумуштан кетүүгө арыз жазганын билдирди. «Биз аларды карап чыгабыз», — деп жыйынтыктады ал.

Эске салсак, бүгүн айдоочуулар митингге чыгышып, алардын 100гө жакыны жумуштан кетүүгө арыз жазышканын билдиришти.

Эң көп окулган жаңылыктар