100гө жакын троллейбустун айдоочулары жумуштан кетүүгө арыз жазышты. Алар айлык акыны жогорулатууну талап кылышууда.
«Биз нааразыбыз. Бүгүнкү күндө айына 20 миңден 28 миң сомго чейин алабыз. Баары кымбаттап жатат, айлык болсо көтөрүлбөйт. Мындан тышкары, биз күн сайын тобокелге барабыз. Кимдир бирөөнүн унаасын чийип алсаң, айлыктын баары ошол жака кетет. Камсыздандыруу жок, зыяндуулук үчүн төлөнбөйт», — дейт троллейбустун айдоочусу Марат Дүйшекеев.
Айдоочулар белгилегендей, жакында эле жыйын болуп, анда электрондук билет ийгиликтүү ишке ашса, маянаны 40 миң сомго чейин көтөрүүгө убада беришкен. Ошондой эле алар шабашка кылышарын да моюнга алышты. Ал эми электрондук билетке өткөндөн кийин андай кылууга болбойт. Бирок жол акысынын накталай эмес жүргүзүлүүсүнө каршы эмес экенин билдиришти.
«Анда «Тулпар» аны өздөрү сатышсын, биз айдоочубуз, сатуучу эмеспиз», — дейт алар.
Айдоочулардын айтымында, айлык акынын өлчөмү планды аткарып аткарбаганга да байланыштуу. Алар кээде планды толтуруу үчүн тобокелге да барышат. «Эгерде эки ай катары менен планды толтурбасаң, жумуштан кетиришет», — дейт айдоочулар.
Алар айлыкты 60 миң сомго чейин көтөрүүнү талап кылып жатышат.