Бишкектеги министрликтердин биринде чугун батареяларын уурдап кетишкен. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
7-августтан 8-августка караган түнү Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнө министрликтердин биринде кызматта турган милиционер чалып, имаратта үч — төрт чоочун адамдар жүргөнүн билдирген.
Мекемеге кармоо тобу жөнөтүлүп, «Мерседес бенц» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Анын багажында министрликке тиешелүү чугун батареялары табылган.
Төрт жаран кармалып, № 5 ШМБнын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.