04:14
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргыз тилинде көрсөтүү жүргүзүлбөгөндүгү үчүн эки телеканалга айып пул салынды

Маданият министрлиги эки телеканалды кыргыз тилинде көрсөтүү жүргүзүлбөгөндүгү үчүн айыпка жыкты. Маалыматты мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик жарым жылда «312 Музыка», «НТС» (Жаша), «Кью спорт» (Q-Sport Arena), «Бакайнур-Мега» (Next TV), «Тумар ТВ», «312 КИНО» и «312 ТВ» каналдарына пландуу текшерүү жүргүзгөн.

Жыйынтыгында, «312 КИНО» жана «312 ТВ» телеканалдары КРнын «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесинин 2-пунктун сактабагандыгы аныкталган, ага ылайык, берүүлөр 50 пайыздан кем эмес мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү керек. Анын ичинде саат 07:00дон 10:00го чейин жана 18:00дон 23:00го чейин.

Аталган каналдардын ар бирине 23 миң сомдон айып пул салынды.

Эң көп окулган жаңылыктар