Кыргызстанда автоунаалардын алдыңкы эшиктеринин терезелерин караңгылатуу үчун уруксат кагаздарына насыя берүү меселелери каралып жатат. Бул тууралуу «Унаа» мамлекеттик мекемеси билдирди.
Ошондой эле, караңгылатууга уруксат кагазын онлайн режимде берүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Бул жарандарга «Унаа» мекемесинин бөлүмдөрүнө барбастан уруксат кагаздарын сатып алууга мүмкүндүк берет.
Эске салсак, Кыргызстанда унаалардын каптал эшиктеринин айнектерин караңгылатууга өткөн жылдын 1-июнундан баштап уруксат берилген.