1-сентябрдан 2024-жылдын сентябрь айына чейин автотранспорт каражаттарын онлайн кайра каттоо боюнча пилоттук долбоор жүгүзүлүп баштайт. Бул тууралуу «Унаа» мамлекеттик мекемесинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта аталган долбоор Ички иштер жана Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте жасалып, ийгиликтүү болсо, андан ары улантылары айтылат.
Автоунааларды онлайн каттоо жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптар, туумдар, салыктар боюнча карызы жок учурларда жеткиликтүү болот.
«Онлайн кайра каттоо үчүн автотранспорттун ээси автотранспорт каражатын визуалдык кароодон өткөрүп, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүндө сүрөткө тартып алышы керек, ал эми унааны кароодон өткөндүгү тууралуу маалымат электрондук базада 30 күн сакталат. Бул мөөнөттүн ичинде менчик ээси Кыргызстандын банктары жана «Түндүк» порталы тарабынан иштелип чыккан тиркемелер боюнча электрондук цифралык кол тамга аркылуу онлайн түрдө кайра каттата алат», — дейт мекеме.
Ал эми никеде алынган унааларды каттоодо жубайы дагы макулдук берүү үчүн онлайн идентификациядан өтүшү керек.