Президент Садыр Жапаров «Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө» жарлыкка өзгөртүүлөрдү киргизди.
Жарлыкка Ысык-Көлдүн пляж аймактарына эркин кирүүнү камсыз кылуу максатында кол коюлду.
Эми Ысы-Көл облусунун тургундары гана эмес, бардык жарандар пляждык зоналарга эркин кире алышат.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.